Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

В. Пономарев: Мени Кыргызстанга саясий себеп менен киргизбей коюшту


“Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси өзүнүн Кыргызстандан күч менен чыгарылышын мына ушундайча чечмеледи. Виталий Пономаревдун “Азаттыкка” айтканы боюнча, укук коргоочу бүгүн Ноокат окуясы боюнча көз карандысыз комиссиянын маалымат жыйынына катышмак. Мындан тышкары адам укуктарына байланыштуу бир катар иш-чараларды уюштуруу иштерин жүргүзүүнү болжолдогон. Москвадан учуп келери менен "Манас" аба майданынан кыргызстандык чегарачылар тарабынан кайра артка кайтарылган укук коргоочу бул окуя боюнча КР Акыйкатчысына жана президент Курманбек Бакиевге кайрылмакчы. “Мындай окуя Өзбекстанда же Түрмөнстанда болсо, мен таңкалмак эмесмин. Бирок Кыргызстан үчүн бул адам укугу, демократия жаатында өтө жаман белги,”, - дейт Виталий Пономарев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG