Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Азиза Абдурасулова: Депортация сот чечиминен кийин гана болууга тийиш


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” айткан пикири боюнча Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей, кайра чыгарылып жибергени мыйзамдан тыш жасалган. Анын айтуусунда кыргыз бийлигинин мындай өзүнө жакпаган адамдарды өлкөгө кийирбей коюу аракети буга чейин норвегиялык Хельсинки адам укугун коргоо уюмунун өкүлү Ивар Далиге карата да болгон. Бул жолу минтип “Мемориал” коомдук уюмунун жетекчиси Ноокат окуясы боюнча чындыкты жарыялаганы үчүн Кыргызстанга киргизилбегенине байланыштуу жергиликтүү укук коргоочулар тиешелүү жактарга кайрылышат. Мындан тышкары бул окуяга мыйзамдык жактан баа берүүгө аракеттер болот. “Мыйзам боюнча депортация деген сот чечиминен кийин гана ишке ашырылат. Сот чечиминде анын себеби көрсөтүлөт, анда сот кайсы мамлекетке карата мындай чечим чыгарып жатканын ачык чечмелеп бериши керек,” дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова.(ZKo)

XS
SM
MD
LG