Бул туурасында Алайдын акими Алмазбек Осмонов бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Район башчысынын айтымында, 24-февраль күнү Бүлөлү айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Төр участогунда калыңдыгы 15 метрлик кар көчкү жүргөн. Ошол аймакта оттогон Көл-Чаты кыштагынын малы кечинде толук кайтып келген, бирок аларды кайтарган Абдымомун Маманов менен Мухтар Арзиев үйлөрүнө барган эмес. Учурда аталган айылдын 500 тургуну, ошондой эле чукул кырдаалдар министрлигинин куткаруу тобу атайын техникалар менен жылга ичин иликтешүүдө. Азырынча эки жарандын изи табыла элек. (ATo)