Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Нарындагы карылар үйүнө мамлекет колдоо көрсөтүүдөн баш тартууда


Мындай маалыматты “Кызыл Ай” коомунун Нарын облусундагы өкүлү Айгүл Жумаканова билдирүүдө. 2006-жылы ачылгандан бери карылар үйүнө 27 адам тартылган. Үч жыл аралыгында 3 адам каза болуп, экөө майыптар үйүнө которулган. Учурда 11 адам жашап жатат. «Азыр Нарын шаарынан жана Ак-Талаа районунан дагы 8 адамды кабыл алуу сунушу түшүүдө. Бирок мамлекет тарабынан каржылоо болбогондуктан, биз аларды кабылдоодон баш тартуудабыз»,-дейт Айгүл Жумаканова. Нарын шаардык кеңешинин депутаты Алмазбек Акматалиев бул карылар үйүн каржылоо Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги аркылуу ишке ашырылуусу керектигин айтат. “Карылар үйүн каржылоо кепилдигин министрлик алыптыр. А биз болсо жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом карадык»,-дейт Алмазбек Акматалиев. (KUs)

XS
SM
MD
LG