Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Балыкчынын вице-мэри камактан бошотулаары менен билдирүү таратты


Сабырбек Сардарбеков Балыкчы шаар башчысынын орунбасары катары суу түтктөрү боюнча туура эмес тендер өткөргөн деген айып менен 9-февралда шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан камакка алынган. Бирок кан басымы көтөрүлүп, абалы оорлогондо 13-февраль күнү ооруканага жеткирилген. Ооруканада 10 күндөн кийин жакшы болгон Балыкчы шаар башчысынын орунбасары тергөө органдары адилетсиз айыптарды тагып, шарты өтө начар жерге күч менен камаганын билдирди. Сардарбековдун айтуусунда, суу түтүктөрү боюнча тендер өткөрүлгөндө ал вице-мэрлик кызматка келе элек болгон. Радиациялуу суу түтүктөрдү орнотконго тикелей тиешеси бар шаардык муниципиалдык башкармасы Мамбеталиевдин камактан бошотулганы адилетсиздик. Ошондуктан бул ишти акыйкат чечүү үчүн ал президенттик администрацияга жана Башкы прокуратурага арыз жолдоп, калкка кайрылуу менен чыкты. (RB)

XS
SM
MD
LG