Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Милициянын тез аракеттеги күчтөрү көбөйөт


Айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү ИИМдин тез аракеттенчү күчтөрдүн отрядынын курамын көбөйтүү аракетин тынч митинг, пикеттерди таркатууга даярдык катары эсептешүүдө.

Тез аракеттенчү күчтөрдүн отрядынын уюшулгандыгынын 20 жылдык мааракесинде ички иштер министри Молдомуса Конгантиев отряддын саны көбөйтүлөрүн билдирди. Анын айтымында, террорчулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу багытында түзүлгөн бул отряд куралчан кагылышуулар, өмүргө коркунуч келтирген жагдайлар түзүлгөн жерлерлерде операцияларды жүргүзүү үчүн түзүлгөн.

-Коомдук тартипти сактоодо, уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүүдө, андан сырткары өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, 1999-2000-2006-жылдары баягы Баткен коогалаңында, Жалал-Абат облусундагы Чаткал районунун аймагына куралчан топтор кирген кезде, ушул биздин атайын даярдыктагы бөлүктөрүбүз эң зор кызматын көрсөтүп, эрдик кылышкан.

Министр белгилегендей тез аракеттенчү күчтөрдүн отрядынын курамын көбөйтүп, алардын материалдык-техникалык базасын заманбап жабдыктар менен камсыз кылуу иш чарасы мамлекеттин ички коопсуздугу үчүн жасалып жатат.

Ал эми айрым укук коргоо жаатындагы коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү акыркы убакта өлкөдө адам укуктары тебеленип, бийлик тартип коргоо кызматы аркылуу карапайым калкты коркутуп-үркүтүүгө өткөнүн белгилешүүдө. Алар алдыда митингдер болуп же шайлоодо нааразылыктар жаралып пикет, ар кандай саясий акциялар өткөрүлсө ИИМдин тез аракеттенчү күчтөрдүн отряды колдонулат деген кооптонууларын билдиришүүдө.

-Эгерде алдыда болуучу шайлоодо кандайдыр бир нааразылык болуп, митингдер өткөрүлсө ушул атайын даярдыктагы милиция күчтөрүн жиберип, талкалай коебуз деп жатышат да. Менин оюмча бийлик күч аракеттерди колдонсо, бул демократияны талкалагандык болот. Адам укугу буларга (бийликке авт:АJ) проблема деле болбой калды,-деди “Интер-билим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев тез аракеттенчү күчтөрдүн отрядын тынч митинг, пикеттерге, элге каршы колдонулбастыгын айтып, бул маселеге саясатты аралаштырбоо керектигин белгиледи.

-Мен расмий түрдө айтат элем. Муну эч кандай митингке, саясатка аралаштырыштын кереги жок. Тез аракеттенчү күчтөрдүн отрядынын санын көбөйтүп жатканыбыздын себеби, тероррчулук, диний экстремизм, баңги бизнеси деген жаман нерселер күндөн-күнгө күчтөнүп, көбөйүп бартканына карата отрядды кичине көбөйтүп коелу деп атканбыз. Себеби президенттин жарлыгы менен Ички иштер аскери кыскартылып, анын эсебинен атайын даярдыктагы бөлүккө анча-мынча каражаттарды кошуп берелик дедик.

“Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулованын көз карашында, ИИМдин атайын даярдыктагы тез аракет кылуучу бөлүгүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү митинг, пикеттерге коркунуч келтирбестен эч кандай күнөөсү жок жарандардын укуктарына дагы коркунуч келтирет. “Ноокаттагы окуя ошону көрсөтүп жатат”,-дейт Абдырасулова.

Мурдагы Совет биримдиги кезинде түптөлүп, өлкө мамлекеттүүлүк алгандан кийин ИИМде өз алдынча атайын тез аракеттенчү күчтөрдүн отряды түзүлгөндүгүнө 17 жыл толду. Бул аралыкта анын жыйырмадан ашуун жоокери мамлекеттик ар кандай сыйлыктарды алышкан.

Учурда облустардагы бөлүктөрдү камтыган 10 атайын отряддын курамында 150 жоокер бар. Алар өткөн жылы жыйырмага жакын куралдуу топту, үч жүзгө чукул куралчан кылмышкерлерди кармаган. Кылмыштуу топту кармоодо отряддын беш жоокери курман болуп, жыйырмага жакыны жарадар болушкан.

XS
SM
MD
LG