Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Инсулин чатагы боюнча адвокат башкы прокуратурага кайрылганы жатат


“Коом жана психикалык саламаттык” коомдук бирикмесинин маалыматына караганда Кыргызстандагы кант диабети менен ооругандар ассоциациясынын президенти, Бишкек шаардык эндокриннологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлана Мамутованын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев иш териштилирип бүткүчө Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевди иштен четтетип турууну башкы прокуратурага сунуш кылганы жатат. Муну ал Каратаевдин кызмат абалынан пайдаланып Мамутовага кысым жасоо аракеттери менен байланыштырууда.
Светлана Мамутова тендер аркылуу инсулинди саюуга жараксыз ийнелер таратылгандыгын коомчулукка ачыктап, анын негизинде башкы прокуратура тендердик комиссияга каршы кылмыш ишин козгогон. Укук коргоочулар азыр Мамутовага кысым жасоо аракеттери жасалып жатат деп билдиришүүдө. Ал эми Мадамин Каратаев мындай маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG