Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

С.Жайчыбеков: “Кыргызстан адам укугун чектеген өлкөгө айланды”


Аксы окуясын иликтөө боюнча зор тажрыйбага ээ болгон адвокат Сартбай Жайчыбеков мындай пикирин орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей койгондугуна байланыштуу Эл аралык мунапыс уюмунун Кыргызстан адам укуктарын олуттуу чектеген өлкөлөрдүн катарына кириши мүмкүн деген билдирүүсүнөн улам билдирди. Анын баамында, Кыргызстан адам укуктарын чектеген өлкөгө эбак эле айланган. Ага адвокаттардын иш менен таанышуусуна, сот жараяндарына катышуусуна уруксаат берилбей, кыйноонун эң одоно түрлөрү колдонулуп жаткандыгы жакшы далил. Ал эми бийликчил “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Афтандил Арабаев адам укугун басмырлоо боюнча анча-мынча көйгөйлөр бар, бирок чектеген өлкө деген сынга негиз жок деп билдирди. Анын айтымында адам укугу боюнча сын айткан эл аралык уюмдардын жыйынтыгына да эч кандай негиз жок.(BD)

XS
SM
MD
LG