Өкмөт аппаратынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүлөр эксперттер деңгээлинде Бишкекте жүрүп жатат. Анда 970 чакырым аралыкка созулган кыргыз—тажик чегарасынын буга чейин башы ачыла элек аймагы талкууланууда. 2002-жылы башталган сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы 460 чакырым аралыктагы чегара тилкесин делимитациялоо макулдашылган.(BD)