Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Жарандык авиацияны өнүктүрүү концепциясы даярдалууда


Бул тууралуу Жарандык авиация боюнча департаменттин деректири Александр Настаев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Даярдалып жаткан концепцияда атуулдук авиациянын структурасын кескин өзгөртүү каралганын маалымдады. Өзгөрүүлөр өзгөчө авиацияны башкаруу тармагына керектигин кошумчалады. А. Настаев өткөн жылы Бишкектен анча алыс эмес жерде болгон ири учак кырсыгынан алынган башкы сабак - жоопкерчиликти так бөлүштүрүүнүн жоктугу экенин айтты. Атуулдардын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Жоопкерчиликти так бөлүштүрүү кескин өзгөрүүлөргө алып келет, дейт А. Настаев. Ал ошондой эле Кыргызстанда авиация тармагында кадрлар жетишсиз экенин, кырдаал ушул нукта өнүгө берсе, жакынкы убакта өлкөдө учкучтар калбай калаарын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG