Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Авиакырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы АКШга жөнөтүлдү


Мындан жарым жыл мурун Бишкектен анча алыс эмес жерде орун алган ири учак кырсыкты Мамлекеттер аралык авиция комитети иликтеп бүттү. Анын жыйынтыгы тууралуу чечим макулдашылып такталган соң, чыгарылган бүтүмгө макулдугун алуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Жарандык авиция департаментинин деректири Александр Настаев “Азаттыкка” билдирди. А. Настаев иликтөөнүн жыйынтыгын чыгаруу иштеринин узакка созулуп кетишин бул иш-аракеттерге үч мамлекет – Кыргызстан, Иран жана учакты жасап чыгарган АКШ тартылганы менен түшүндүрдү. Былтыр 24-августта учак кыйрап токсон жүргүнчүнүн алтымыш алтысы каза болгон. Алардын ону кыргызстандык, калгандары ирандык жарандар эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG