Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча жолугушуу кечки саат беште болду.Анда сөз Коомдук ордо кеңештин алдында турган милдеттер жана иштөө принциптери талкууланды. Коомдук ордо кеңеш 24-февралда алгачкы жыйынын өткөрүп, жетекчилигин шайлап, регламенти менен кеңеш мүчөлөрүнүн этикасы тууралуу жобосун кабыл алган.(BD)