Мындай маалымат Коомдук ордо кенештин мүчөсү Жумакадыр Акенеевден алынды. Анын айтымында, президент кечээ кечинде Коомдук ордо кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда бийлик кетирген кемчиликтерди жоюп, элдин талабын аткарууда кеңеш жакшы ортомчулук милдеттерди аткаруусу керектигин белгиледи. Андан тышкары бийлик өкүлдөрүнүн кемчиликтерин ачык айтып, элдин сынын бийликке жеткирип ийкемдүү иштөөгө чакырды. Коомдук ордо кеңеш өткөн жылы президенттин жардыгы менен түзүлүп, курамына 45 инсан киргизилген. Оппозиция жана коомдун кыйла бөлүгү кеңешке ишеним артпай, президенттин жардыгы менен түзүлгөн кеңеш бийликтин гана буйругун аткарган тил алчаак орган болот деп жатышат.(BD)