Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

“Мемориал” кыргыз президентине кайрылды


Орусиядагы укук коргоочу "Мемориал" борбору Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей койгондугуна байланыштуу президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда бул окуяга тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Пономаревду беш жыл киргизбөө чечими адам укуктар жаатында өлкө мойнуна алган эл аралык милдеттенмесине карама-каршы келээрин белгиледи. Андан тышкары тыюу салууну алып салууга кийлигишүүсүн жана Ноокат окуясы боюнча соттук териштирүү адилет болуусуна көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. Виталий Пономарев Ноокат окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы жарыяланчу 26-февралдагы маалымат жыйынына катышуу үчүн келген жеринен чегарачылар Улуттук коопсуздук комитетинин тыюу салуусуна байланыштуу өткөрбөй Москвага кайра жөнөтүшкөн болчу. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов “Азаттыкка” кайрылуу али түшө электигин жана ал колго тийгенден кийин жооп болушу мүмкүн экендигин билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG