Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Бакыт Бешимов: Президент К. Бакиев кошоматчылардын курчоосунда калды


Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов Ошто эле менен жолугушуу учурунда жарыя кылды. СДПнын парламенттеги өкүлдөрүнүн Ош шаарынын жана облусунун калкы менен жолугушуусу адегенде тоскоолдукка кабылды. Ош улуттук драма театры имаратын ижарага берүүдөн баш тартты эле, ага карабастан чогулган 500дөн ашуун киши ичкери кирип жайгашты. Жогорку Кеңеш депутаттары Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков өлкө туш-тараптан туңгуюкка кептелгенин, бийлик толук бойдон коррупциялашып кеткендигин, оппозиция менен тил табышып иштешүү аракети жоктугун, социал-демократтардын кризистен куткаруу программасы Өкмөттөн колдоо таппай жаткандыгын билдиришти. (ATo)

XS
SM
MD
LG