Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Армян оппозициясы былтыркы кагылыштын бир жылдыгын белгиледи

Бул үчүн кечээ башкаала Ереванда оппозициянын 10 миңдей жактоочусу чогулду. Былтыр 1-мартта демонстранттар менен полициянын кагылышуусунан 10 адам өлүп, 250дөй киши жаракат алды. Анда оппозиция лидери, мурдагы президент Левон Тер-Петросяндын тарапкерлери президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыгышкан эле. Кечээги сөзүндө Тер-Петросян Армениянын азыркы жетекчилигинин саясатын сынга алды. Демонстранттар былтыркы кагылышта курман болгондорду бир мүнөткө унчукпай эскеришип, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө, саясий айыпкерлерди бошотууга чакырган ураандарды көтөрүп турушту.
​
XS
SM
MD
LG