Билим берүү жана илим министри Кыргызстандагы жалпы окуу мектептерине диний өзгөчөлүктү чагылдырган кийим-кечелер менен келүүгө окуучуларга жол бербөө тууралуу мектеп уставына өзгөртүү киргизүүнү буйруду. Бул аракетин министрлик акыркы убактарда динчилдердин таасири мектептерге тие баштагандыктан мына ушундай чараларга барып жатканы менен түшүндүрүүдө. Жоолук салынган кыздарды окуу жайларга киргизбөө маселесин укук коргоочулар адам укугунун бузулушу катары сыпаттап келишет. Өткөн жумада бул маселеге байланыштуу Акыйкатчы институту атайын талкуу өткөргөн.(ZKo)