Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстанда декларация толтуруу иш чарасы соңуна чыкты


1-мартка карата саясий мамлекеттик кызматтарда иштегендердин жана чиновниктердин 86 пайызы кирешелери, мүлкөрү тууралуу декларация толтуруп беришкени тууралуу Мамлекеттик кызмат боюнча иштер агенттиктин төрагасынын орун басары Нарынбек Касымов “Азаттыкка” билдириди. Анын айтымында, киреше жана мүлкү тууралуу деларацияны биринчилерден болуп президент Курманбек Бакиев, ЖК төрагасы Айтибай Тагаев, өкмөт башчы Игорь Чудинов жана бир катар мамлекеттик кызматтагылар толтуруп тапшырышкан. “Негизинен жергиликтүү соттор бул иш чарага начар катышып, кирешелери жана мүлктөрү боюнча декларацияны кечиктиришүүдө”,-дейт Касымов. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин 10 депутаты декларацияларын бүгүн тапшырарын, чет өлкөдөгү элчилер жана алыскы аймактардагы жетекчилер почта аркылуу агенттикке жөнөтүшкөнүн белгиледи. Бул боюнча маалымат “Кабар” агенттигинин интернет сайтына жайгаштырылып, декларация тапшырбагандар тууралуу президентке маалымат берилет. Касымов белгилегендей өткөн жылы жана жыл башында кызматтан бошогон мурдагы министрлер менен жетекчилер кирешелери жана мүлктөрү боюнча декларация беришкен эмес. (AJ)

XS
SM
MD
LG