Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Б.Бешимов:Президент оппозиция менен сүйлөшүүгө барам дегени калп


К.Бакиевдин оппозиция менен диалог кылууга даярмын дегени курулай кеп. Президент түгүл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “Ак жолдон” башка саясий партиялар, оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуп бетме-бет сүйлөшүүгө даяр эмес. Азыркы бийлик эки жүздүү саясат жүргүзүүдө, деп билдирди “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов. Анын айтымында, СДПнын мүчөлөрү өткөн аптада Ош шаарында эл менен жолугушуу өткөрүүгө барышканда жергиликтүү бийлик бут тосуп, жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. “Бирок жолгушууга келишкен алты жүзгө чукул адамдын сүрүнөн чочулаган шаар бийлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жыйынды болтурбай коюга дааган жок. Облустук театрда электр жарыгысыз өткөн жолугушууда, учурдагы саясий, социалдык-экономикалык абал, СДПнын экономикалык кризистен чыгаруунун жолдору, жаңы Салык кодекси, патентке байланыштуу маселелер кызуу талкууланды”,-деди Бешимов. Ал эми Ош шаарынын маалымат кызматынан Бакыт Бешимовго жана анын партиялаштарына мэрия тарабынан эч кандай тоскоолдук болбогонун кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG