Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

“Кыргызгаздын” мамлекетке тиешелүү акциясын баалоого сынак жарыяланды


Учурда “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун 88 пайызга жакын акциясы мамлекеттин колунда. Бул акциялардын баасын бычуу үчүн уюштурулган сынак 27-мартта өтөт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалымдашынча, сынакка иш тажрыйбасы беш жылдан аз эмес, кадыр-барктуу, жылдык акча жүгүртүүсү бир миллион доллардан кем болбогон ишканалар катыша алат. “Көгүлтүр отту” бөлүштүрүү, камсыз кылуу, сатуу жана жеткирүү менен алектенген “Кыргызгаздын” 5,37 пайыз акциясы азыр Социалдык фонддун колунда, баалуу кагаздардын калгандары жеке акционерлерге тиешелүү. (EBM)

XS
SM
MD
LG