Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Президент өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү өкмөткө тапшырды.


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн Мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, секретариат жана администрация башчысы менен кеңешме өткөрүп, анда өлкө экономикасынын абалына байланышкан маселеге токтолду. Президент өкмөткө эки жумалык мөөнөт ичинде “Мамлекеттик сатып алуулар”, ошондой эле “2009-жылдын мамлекеттик бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолдор” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну, кыргызстандык өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча чара көрүүнү тапшырды. Президентинин администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөновго курулуш ишин, жолдорду оңдоону өкмөт менен бирдикте жандандыруунун зарыл экендигин айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG