Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

НАТО Ооганстанда өтө турган шайлоо тууралуу билдирүү жасады


НАТО Ооганстанда президенттик шайлоонун башка мөөнөткө жылдырылышы – өлкөдөгү коопсуздукка таасирин тийгизерин эскертти. Ишембиде (28-февралда) ооган президенти Хамид Карзай добуш берүү мурда белгиленгендей 20-августта эмес, андан мурдараак - майдын ортосунда өтөрүн жар салган. НАТОнун басма сөз өкүлү Жеймс Аппатурай шайлоону майда өткөрүү тууралуу чечимди ооган бийлиги кабыл алганын, бирок эгерде добуш берүү августта өтсө НАТО үчүн коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү алда канча дурусураак болоорун айтты. АКШнын Мамлекеттик департаменти да буга байланыштуу билдирүү жасады. Анда шайлоо августта өтчү болсо, анда өлкөдө коопсуз шартта эркин добуш берүү жагдайы түзүлөөр эле деп айтылат.

XS
SM
MD
LG