Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун саал мурдараак эл аралык коомчулукту Газа тилкесин калыбына келтирүүгө жигердүү көмөктөшүүгө чакырган. БУУнун баш катчысы жыйындын катышуучуларын Израил менен Палестин ортосунда узак мөөнөттүү элдешүүгө жетишүү үчүн салым кошууга үндөдү. Газаны башкарган жана Евробиримдик менен АКШ тарабынан террорчу уюм катары бааланган Хамас тобу Шарм-эш-Шейх курорттук шаарчасында 75 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жыйынга чакырылган эмес. Газа тилкесине Израилдин 22 күнгө созулган чабуулунан үй-жайлар, оорукана, мектеп жана башка инфраструктура талкаланып, 1300дөн ашуун адам набыт болгон.