Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Ооган президентинин шайлоону эрте өткөрүү чакырыгын атаандашы четке какты


Ооганстандын мурдагы каржы министри жана президенттикке талапкер Ашраф Гани Ахмадзайдын билдиргенине караганда, эгер шайлоо апрелде өтсө, ал катышпайт жана бул "жалган шайлоо " болот. Мурда 20-августка белгиленген шайлоо апрель айына которулуусу керектигин президент Харзай өткөн ишемби күнү билдирген эле. Анын болочок атаандашы Ахмадзай Карзайды артыкчылык кылуу үчүн ал азыр эле мамлекеттик машинаны колдонуп жатканы үчүн айыптады.
Кечээ НАТО уюму эгер шайлоо августа өтсө, колдоону көбүрөөк көргөзүп, коопсуздукту жакшыраак камсыздай аларын билдирди.
АКШ президенти Барак Обама Ооганстанга кошумча 17 миң аскер жөнөтүлөрүн мындан эки аптадай мурда жарыялаган эле. Аналитиктердин айтымында, шайлоо мөөнөтү алдыга жылдырылса, АКШ аскерлери өлкөдө жайгашууга үлгүрбөйт.

XS
SM
MD
LG