Мындай пикирин Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлү Эдилбек Богомбаев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Учурда Кыргызстанда 30-40ка чукул биогаз орнотмолору курулган. Орнотмолордун санын көбөйтүү үчүн мамлекет каражаттык колдоо бериши абзел. Учурда мамлекет жардам берүүнүн жолдорун таппай турат, дейт Э. Богомбаев. Анын билдиришинче, энергетикалык каатчылык маалында биогазды колдонуу айыл эли үчүн өтө пайдалуу. Короосундагы кыкты колдонуу менен өзүнүн күнүмдүк турмушуна керектүү отун-кубат менен камсыз болот. Андан чыккан күлдү жер семирткич катары колдонсо мол түшүм берет. (EBM)