Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун айтымында, БЭКтин атайын тобу бийлик менен негизинен оппозицияга саясий куугунтуктоону токтотуу талабын коет. Экинчиден өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды жөнгө салуу маселеси каралмакчы. Бекназаров ошондой эле бийлик менен сүйлөшүүгө карабастан март айынын соңунда белгиленген саясий акциялар өткөрүлөрүн кошумчалады. Кечээ (2-мартта) БЭКтин саясий бюросу чечим кабыл алып, бийлик менен сүйлөшүүгө атайын топ түзгөн. Топтун жетекчиси Социал-демократтар партиясынан Иса Өмүркулов, курамына Коомдук парламенттин мүчөлөрү Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Мукар Чолпонбаев, Топчубек Тургуналиев жана Асанбек Сарыбаев кирген. (AJ)