Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Укук коргоо органдары “Ак шумкардын” Нарындагы штабын жапты


Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Карыпов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ороз Молдосариев жетектеген милициялар, прокуратура, облустук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жалпысынан он кызматкер Нарын шаарындагы “Ак шумкар” партиясынын штабына барышып, “Эл сөзү” деген гезитти жана БЭКтин кайрылуусу басылган баракчаларды алышып, штабды жабышкан. “Укук коргоо органдары “Ак шумкардын” Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акунов менен штабдын жетекчиси Жолдубай Сүйүнбаевди шаардык ички иштер бөлүмүндө негизсиз кармап турушат”,-дейт Карыпов. Муну “Ак шумкар” партиясы Нарын облусундагы укук коргоо органдары тарабынан Конституциянын 14-беренеси одоно бузулуп, аталган партиянын өкүлдөрүнө саясий куугунтук жасалып жатат деп эсептейт. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн бул маалыматты тастыкташкан жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG