Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:42

УКМК кызматкерлери Т.Тургуналиевди сүйлөшүүгө чакырды


Бул тууралуу оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Конституциялык түзүлүштү коргоо комитетинин башчысы Касым Таштанкулов, тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Абдыкадыр Разаевдин сүйлөшүүгө чакыруусуна “Немец толкуну” үн алгысынын интернет сайтына чыккан анын маегиндеги “бийликти эл оодарат” деген пикири себеп болгон. Муну коопсуздук кызматынын кызматкерлери Конституциялык түзүлүшкө каршы келип, бийликти оодарууга чакырык сыяктуу кабыл алынарын белгилеген. Туругуналиев болсо бул элдин пикири экендигин, учурда алыскы аймактардагы караламан калктын 90 пайыздан ашууну азыркы бийликке ишенбей, ыңкылаптын убадалары аткарылбаганына нааразы болушканын айткан. Топчубек Тургуналиев улуттук коопсуздук кызматынын бул аракетин “жумурткадан кыр издеп“ жатат деп эсептейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG