Мындай маалыматты Нарын шаарындагы «Биримдик» коомдук бирикмесинин төрагасы Тойчубек Айдаралиев «Азаттыкка» бүгүн билдирди. Өткөн апта соңунда Нарын шаарындагы №7-мектептин жыйындар залында парламенттин «Ак жол» фракциясынын 4 депутаты шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп суроолорго жооп беришкен. Бул жыйынга мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилер, айыл өкмөттөр, мектеп деректирлери, айтор бюджеттен маяна алгандар чакырылышыптыр. Бир маалда ЖК депутаты Максат Кунакунов “Биздин да силерге сурообуз бар, алдыда жалпыбыз Курманбек Бакиевди колдойлу деди. Бирок залдан эч ким унчуккан жок”, - дейт Тойчубек Айдаралиев. (KUs)