Сыргак Абдылдаевге бүгүн 3-мартта кечкурун саат 19 да “Репортер-Бишкек” гезитинин кеңсесинин жанында белгисиз адамдар кол салып, колу-бутуна он чакты жолу бычак сайып кетишти. Ал азыр Бишкектин №4 ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул жөнүндө аталган гезиттин редактору Турат Акимов билдирди “Азаттыкка”. Анын айтымында, бул кол салуу гезитке жана Сыргак Абдылдаевге эскертүү болушу мүмкүн. “Анткени С.Абдылдаев саясий серепчи катары парламентти чагылдырып, ЖК депутаты Руслан Шаботоевдин материалдарын жана бийликке каршы материалдарды дагы жазып койчу”,-дейт Акимов. Ал ошондой эле ушул саатта Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн тергөөчү ооруканага барып, окуянын чоо-жайын сураштырып жатканын кошумчалады. (AJ)