Бүгүн кечки саат алты жарым ченде “Ак Шумкар” жана “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүн укук коргоо органдары кое беришти. Бирок алар убактылуу гана бошотулду, эртең кайра сурак улантылат. Бул жөнүндө кармалгандардын бири “Ак-Шумкар” партиясынын областтык координатору Урмат Акунов өзү билдирди.
Бүгүн эртең менен “Ак-Шумкар” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсесине укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишип, ал жерден «Эл сөзү» гезитинин сандарын жана Бириккен элдик кыймылдын «Кыргыз элине кайрылуу» деген баракчаларын жыйнап кетишкен. “Ак-Шумкар” партиясынын областтык координатору Урмат Акуновду, шаардык координатору Жолдубай Сүйүнбаевди жана “Ата Мекен” партиясынын Нарын шаарындагы координатору Адылбек Эсенбековди коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын имаратына алып барып, кармалган баракчалардын чоо-жайы жөнүндө суракка алышкан.