Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын өзгөртүлүүсүнө каршы


Аталган уюм бийлик парламенттин колу менен бейөкмөт уюмдарды ооздуктоого аракеттенүүдө деген пикирин билдирүүдө. Өткөн жумада бир катар бейөкмөт уюмдар ЖК депутаттары Исхак Масалиев, Арапбай Төлөнов жана Нургазы Айдаровдун “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгесине каршы чыгышып, бул демократиянын эң башкы жоболорун бузууга жатат, деген пикирин билдиришкен.
ЖК депутаттары болсо комммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, Кыргызстанга келген каражаттардын террорчул жана экстремисттик уюмдардын колуна түшүп калышын алдын алуу максаты менен негиздешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG