Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн белгилөө азырынча эрте


Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгаруунун мөөнөтүн белгилөө азырынча абдан эле эртелик кыларын Вашингтондон кабарчыларга АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Америкалык министрдин айтымында, АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандагы миссия аяктап, чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгарылуусун каалайт, бирок бул "жакынкы келечекте" болбойт.

Ооган президенти Хамид Карзайдын президенттик шайлоону май айына которуу жөнүндөгү чакырыгына токтолгон Гейтс АКШ шайлоо мурда мерчемделгендей эле августа өтүүсүн колдоорун белгиледи.

АКШ коргоо министринин пикиринде, Хамид Карзайдын эгер шайлоо анын азыркы кызмат мөөнөтү аяктаган 21-майдан кийин өтсө, өлкөнүн Конституциясынын бузулуу ыктымалдуулугу боюнча тынчыздануусу жөндүү.

Бирок августка чейин Ооганстанда эркин жана адилет шайлоо үчүн коопсуздукту камсыздоо кыйын болот.

XS
SM
MD
LG