Бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденцияда болжолдонуп жаткан маекте Борбор Азия аймагындагы абал, тышкы саясат, Кыргызстандын Батыш өлкөлөрү менен кызматташуусуна көз карашы, эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү жана Ооганстандагы кырдаал, Манас аба майданындагы АКШнын аскер аба базасынын чыгарылышы жана башка суроолор коюлмакчы. Бул тууралуу Би-Би-Синин кыргыз кызматынан билдиришти. Президент менен маектешүүгө Би-Би-Синин Азия-Тынч океан аймагы боюнча редактору Сnивен Уильямс, Би-Би-Синин Борбор-Азия боюнча кабарчысы Райхан Демитреу, Би-Би-Синин кыргыз кызматынын продюсери Арслан Койчуев жана оператор Абдужалил Абдурасуловдун катышуусу күтүлүүдө. Маек англис,орус,кыргыз,өзбек тилдеринде обого чыгарылмакчы. (AJ)