Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

“Репортер-Бишкектин” негиздөөчүсү Султан Каназаров дагы кооптонууда


Анын айтымында, гезиттин кызматкери С.Абдылдаевге кол салуу биринчи жолку эмес. Буга чейин “Репортер-Бишкектин” кабарчысы Хабира Мажиевага дагы өмүрүнө коркунуч туулгандыктан, ал Швецияга баш паанек кылууга аргасыз болгон. “Сыргак Абдылдаевге кол салуу анын кесиптик ишине түздөн түз байланыштуу. Ал эсине келгенден кийин сүйлөшүп көрөм. Эгерде өмүрүнүн коопсуздугу үчүн чет мамлекеттен баш паанек алгысы келсе, гезиттин негиздөөчүсү катары аны үчүнчү өлкөгө өткөрүүгө шарт түзөбүз”,-деди Каназаров. Ал ошондой эле бул маселе боюнча эл аралык уюмдар дагы телефон чалып тынчсызданып жатышканан, өзүнүн өмүрүнө дагы коркуч туулушу мүмкүндүгүн кошумчалады. Дарыгерлердин “Азаттыктын” кабарчысына билдиргенине караганда ушул саатта С.Абдылдаевдин абалы оор бирок туруктуу. Анын денесинин 21 жерине бычак сайылып, эки колунун билектен жогору жагы сынган. Түштөн кийин далы сөөгүнө операция жасалышы күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG