Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

90-жылдардан бери балдар бакчалардын саны үч эсе кыскарган


Мындай маалыматты бүгүн Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынын жыйынында билдирди. Маалымытка караганда, республикада 90-жылдардын башында 1600 бала бакча болсо, азыр алардын саны 500гө чамалаш. Андан сырткары эл арылык уюмдардын көмөгү менен 200 ашуун балдар бакчалары жана борборлор ачылган. Учурда жалпы балдардын 12% гана бала бакчасына барат. Депутаттар акыркы кездерде диний багыттагы бала бакча жана балдар үйлөрүнүн көбөйүп баратканына кооптонуу билдиришти. Жыйынында маалым болгондой Чүй облусунда эле ушундай беш балдар бакчалары катталган. Мындан мурдарак айрым депутаттар буга чейин менчиктештирилип, жеке колго өтүп кеткен балдар бакчалардын ишин кайрадан карап чыгып, кайтаруу маселесин көтөрүшкөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG