Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Өлкөдө аялдарга болгон зордук көрсөтүү дале курч бойдон


Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 2007-жылы ушундай учур менен 200 ашуун даттануу, арыз кат келип түшсө, 2008-жылдын сегиз айында эле арыздардын саны 300гө чукулдап барган. “Деген менен дагы да кыргыздын менталитетине карап арбын фактылар ачылбай келе жатат. Аялдардын зордук-зомбулукка кабылган учурларынын 80% үй-бүлөдө кездешет. Айрыкча айыл жергесинде аялдар укуктук маалыматтан аксап турушат. Ошондуктан, алардын укугун көбүрөөк окутуу зарыл”, - дейт М.Момунов. Маалыматка ыйлайык, республика боюнча акыркы төрт жыл ичинде беш миң зомбулук көрсөтүү фактысы катталса, жабыркагандардын 90% аялдар болгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакытбек Сеитов зордук-зомбулук болду, укугум тебеленди деген арыз менен кыргыз үй-бүлөлөрү өтө эле аз кайрыларын тастыктады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG