Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

З. Курманов: Беш көкүл кыздарды күйөөгө берген заман өткөн


Жогорку Кеңеш 16 жашка чейинки кыздарга ата-энесинин макулдугу менен эле күйөөгө чыкканга жол берген норманы мыйзамдан алып салуу жөнүндө депутаттар маселе көтөрүштү. Анын себептери жөнүндө “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов түшүндүрмө берди.

-Кечээ мыйзамдарда кыздардын турмушка чыгуу жашы боюнча жоболорду өзгөртүү, тактап айтканда кыздар ана-энесинин макулдугу менен 16 жаштан күйөөгө чыга алат деген жобону жоюу маселеси парламенттеги угууда талкууланып, коомдо карама-каршы пикир жаратты. Мыйзамдардан аталган жобону алууга кандай негиздер бар?

- Чынын айтканда ошондой окуялар болуп атат ушул убакка чейин. Совет доорунда жоюлуп бараткан эле, бирок азыр кайра пайда болуп жатат. Бул өзүнчө чоң маселе, аны чечкенге аракеттенип атабыз. Анткени жалаң гана биздин ойлор эмес, эл аралык донорлор, эл аралык адам укугун коргоо уюмдары да ушул маселени коюп атат.

- Күйөөгө 18 жаштан кийин гана чыга алат деген жобо эми кайсы мыйзамдарга киргизилет жана анын толук аткарылышын көзөмөлдөө үчүн прокуратурага кандай милдеттер жүктөлөт? Себеби нике кыйды деп коюп 16 жаштан эне болгон көрүнүштөр көбөйүп кетпедиби. Ага тартип коргоо органдары көз жумдулук кылып жатышат?


- Чынында прокуратура муну көзөмөлдөш керек. Үй-бүлөлүк кодекске киргизилиш керек. Мындай салттын кереги жок азыркы заманда. Илгерки мезгилди анализдеп көрсөк, бул салт көчмө элде жана бийик тоодогу кавказдык элдердин арасында бар болуптур. Эми ал мезгилде өзүңүз билесиз, шаарлар жок болчу, айылдарда дискотекалар, кафелер жок болчу, жигит кыздардын аркасынан жүргөнгө мүмкүнчүлүк, шарт жок болчу. Ошол учурда элди аралаштыруу маселеси келип чыккан. Ошон үчүн ошол салт пайда болгон өз мезгилинде.

Бирок азыркы мезгилде ошондой салттын кереги барбы. Шаарда дискотека, баардыгы бар, мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок кыздарды зордуктап, уурдап жүрүшөт бул убакка чейин, кыргыздардын илгерки салты деп. Эми илгерки болсо болуптур, өз ролун аткарыптыр, эми азыр бардык жагынан мүмкүнчүлүк түзүлүп атпайбы, эмне үчүн аны пайдаланыш керек.

- Бул жобонун аткарылышын ата-эне мектептен да талап кылуу зарыл деген ойлойр айтылып жатат, бул багытта кандай аракет болот?

- Менин оюмча, 16 жаш деген эмне, 9-класстын окуучулары болуп атпайбы. Ар бир адам ойлоп көрбөйбү. Менин кызым өсүп атат, 9-класска мектепке баратса аны ала качып турмушка чыгарып атат. Азыркы мезгилдеги балдар мурунку балдар эмес, орто жашоо курагы 40-50 жаш болсо, азыр 60-70 ке кетип баратат. Ошон үчүн балдарда бутуна турганга мүмкүнчүлүк болуш керек.

18 деп чекит коюп атабыз, 18 ден төмөн бала турмушка даяр эмес, анын көп маселеси туулушу мүмкүн ден-соолугуна байланыштуу. Ал эми 18 жаштан кийин атуул болот, көп нерсеге укугу пайда болот, шайлоо жагынын жана башка жактардан. Ошон үчүн бул туура жобо. Ошондой тарбияны мектептерден, үй-бүлөдөн түшүндүрүш керек, бул факт качан пайда болду, кереги барбы, же кереги жокпу азыркы мезгилде деп. Ошондой жумушту өткөрсөк ата-энелердин арасында, андай салттын кереги жок деп баардыгы айтышат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG