Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен райондук кеңешинин депутаты Карамат Орозова билдирди. Анын айтымында, 3-мартта Тажикстан, Кыргызстан коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда тажик тараптан ижарага алынган Ош-Исфана жолунун талашта турган 275 метр бөлүлүгү буга чейин паритеттик комиссияда каралган эмес. “Кайсыл өлкөгө тиешелүү экендигин аныктабастан туруп эле биздин өлкө ижарага алып жатышы бул жерди тажик тарапка тиешелүү деп мойнубузга алгандыгыбыз. Ошондуктан өкмөттүк комиссия мындай жолугушууларга бараардан мурда жергиликтүү коомчулук менен жолугушуп, элдин да үнүн угуш керек болчу”, - дейт Карамат Орозова. (JsA)