73 жаштагы ал киши мындан 30 жыл мурда көзү көрбөй калган. Ал мындан жети жыл мурда Лондон көз клиникасында бионикалык көз орнотулгандан кийин, эми анча-мынча нерселерди көрө баштаганын билдирди. Бионик көздө көз айнекке орнотулган камера жана видео процессор тартылган көрүнүштөрдү көздүн сыртында жайгаштырылган ресиверге, же кабылдоочу жабдыкка зымсыз жиберип турат.