Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:50

Президент К. Бакиев оппозиция менен март ичинде жолугушат


Мындай маалыматты президент Курманбек Бакиев Би-би-си Дүйнөлүк кызматы үчүн берген маегинде айтып, оппозиция менен бир үстөлгө отуруп конструктивдүү мүнөздө сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. “Өкмөттүк аткаминерлер эсирип кетпеши үчүн оппозиция керек, бирок азыркы оппозиция бийликти жок жерден программасы жок, деп айыптап жатат, аларга эч нерсенин кереги жок, президент кетсин, мен президент болом дешет,” –деген пикирин ачыктады КР мамлекет башчысы.
Эки күн мурун оппозициялык БЭК бийлик менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирип, өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды жөнгө салуу, сөз эркиндигин кысууга бөгөт коюу, саясий куугунтукту токтотуу сыяктуу бир катар талаптары менен шарттарын президенттик администрацияга тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG