Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу окуясы боюнча эл аралык уюмдар оюн билдиришүүдө


“Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий серепчисинин бычакталышына байланыштуу пикирин Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети да жарыялап, бул окуяга тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Чегарасыз кабарчылар уюму журналисттин өмүрүнө кол салууну Кыргызстандагы сөз эркиндигин басууга болгон аракет катары айыптады. Чегарасыз кабарчылар уюму жакында жарыялаган жылдык отчетунда Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 173 өлкөнүн ичинде 111-орунда турарын белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG