Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Евробиримдик Ооганстанда шайлоо мурда мерчемделген мөөнөттө өткөрүлүүсүн кубаттайт


Ооганстандын шайлоо комиссиясынын президенттик шайлоо мөөнөтүн мурда белгиленгендей эле 20-августка калтыруусун Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана өз билдирүүсүндө кубаттады. Солананын айтымында, Евробиримдик шайлоонун адилет өтүүсүнө өтө жогору маани берет жана анын августка белгиленүүсү талаптагыдай даярдык көрүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Ооган президенти Хамид Карзай өткөн аптада Конституциянын талаптарын жүйөө кылып, шайлоону анын азыркы кызмат мөөнөтү аяктоочу күн – 22-майга чейин өткөрүүнү талап кылган. Ооган оппозициясы Карзайдын кадамын сынга алга болчу.

АКШ жана Улуттар уюму коопсуздук чаралары толугураак көрүлүшү үчүн шайлоо августа өтүүсүн колдойт.

XS
SM
MD
LG