Өзбекстан жараны Шерали Хамдамов 18-февралда УКМК тарабынан Бишкекте кармалып, ага чек арадан мыйзамсыз өткөн, мыйзамсыз уюмдарга мүчө болгон жана мамлекеттик бийликти күч менен алмаштыруу аракети боюнча айып коюлган. Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын айтымында, 20 жаштагы Шерали Хамдамов Кыргызстанга качкын катары келген жана ага БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү качкын макамын берген. Хамдамовдун апасы Анархан Хамдамова Анжиян окуясынан кийин качкын болуп, учурда Канадада турат. Ал эми Шерали Хамдамовдон табылган баракчалардын “Хизбут-тахрирге” тиешеси болгон эмес.
Адвокат Сартбай Жайчыбеков 4-мартта Хамдамов менен жолугушуп чыккан. Жайчыбековдун маалыматы боюнча, анын абалы дурус. Ал эми анын кагаздарына “Хизбут-тахрир” уюмуна тиешелүү баракчалар тинтүү учурунда атайын кошуп коюлганын Хамдамов билдирүүдө.(AiT)