Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Акыйкатчы адам укугу боюнча жылдык баяндамасы менен чыгат

13-мартта Акыйкатчы Турсунбек Акун парламентке адам укугу жаатындагы 2008-жылдагы абал боюнча маалымат берет. “Былтыр адам укугу жаатында жетишкендиктерден да демократиялык принциптерден артка чегинүү көп орун алды”, - дейт акыйкатчы. Ал буга былтыр жарандардын эркин жыйналуу укугун чектеген мыйзамдын кабыл алынышын, өлкөдөгү сөз эркиндигине карата басымдын орун алып жатышын далил тартты. Ал эми адам укугу жаатындагы 2008-жылдагы негизги жетишкендик катары “Кыйноолорго каршы факультативдик протоколунун” ратификацияланышын белгиледи. Турсунбек Акундун айтымында бул жолку баяндамада ал бийликтеги бир катар өкүлгө кескин сын менен чыгат. (EK)
​
XS
SM
MD
LG