Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Максим Кулешов ооруканадан чыгып келди


4-мартта кармалып, андан кийин психикалык ооруканага жаткырылган Максим Кулешов 5-мартта чыгып, укук коргоочулардын катарына келип кошулду. Анын маалымдоосуна карагаганда, ага бир нече жолу ийне сайышкан. Анын учурунда ал эс-учун жоготуп койгон. Саясий акциялар менен такай чыгып жүргөн Максим Кулешов 4-мартта Ак үйдүн алдына “Жетишет, шүмшүк!” аттуу акцияга чыгаар алдында милиция тарабынан кармалып, Республикалык психикалык ооруканага жаткырылган. Бирок азыркы мезгилге чейин анын өнөктөшү Головановдун кайда экендиги белгисиз болууда. Жергиликтүү укук коргоочулар ИИМдин алдында Кулешводу бошотуу талабы менен пикетке бүгүн саат 16:00 чыгышкан. Пикет учурунда Кулешов келип аларга кошулду. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG