Облустук бийликтен алынган маалымат боюнча айылдын курултайы болуп, анда сүйлөгөндөр диний кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти. Жыйында айтылгандай, өлкөнүн башка аймактарында экстремисттик уюмдардын адабияттары менен колго түшкөн адамдар Кызыл-Жар айылы, же Аксы районунун тургуну деп кабарланууда. Алар өздөрүн ушул жердин түпкү тургуну катары атап, Кызыл-Жар айылына шек келтирүүдө. Иш жүзүндө айылда расмий катталбаган «Хизб-ут-тахрир» уюмунун мүчөлөрү болгондор Өзбекстанда туулуп-өсүп, кийин Кыргызстанга көчүп келип, жашап калган кыргыздар. Ошол себептүү сырттан келгендерге жарандык берерден мурда тиешелүү уюмдар алардын экстремисттик уюмдарга тиешеси барбы- жокпу, кандай үй-бүлөдөн чыккандыгынан бери текшерүүсү зарыл деп белгиленди.(YA)