Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Бүгүн АКШ Мамлекеттик катчысы менен Орусия тышкы иштер министри жолугат


Хиллари Клинтон менен Сергей Лавров Женевада кездешет. Ооганстандагы стабилдүүлүк, Орусиянын Иран менен кызматташтыгы, курал-жаракты көзөмөлдөө сүйлөшүүнүн күн тартибиндеги башкы маселелер болору күтүлүүдө.

АКШ Мамлекеттик катчысынын айтымында, Орусия менен талаш-тартыштан качууга болбойт. Бирок Москва менен Ооганстанда стабилдүүлүк орнотуу, өзөктүк куралды жайылтпоо, Иран жана Түндүк Корея туудурган коркунуч өңдүү маселелерде конструктивдүү кызматташтыктын жолу табылуусу керек.

Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, Сергей Лавров менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө ал Орусияны Иранга узак аралыкка учуучу ракеталарды сатуудан айнытууга аракеттенмекчи. Анткени Ирандын узак аралыкка учуучу ракетага ээ болуусу - Европа жана Орусиянын өзү үчүн да коркунуч.

АКШ жана Орусиянын башкы дипломаттары ошондой эле Ирандын өзөктүк программасын, Орусиянын Ооганстанга жүк ташууда көргөзүүчү жардамын, өзөктүк куралдарды кыскартуу мүмкүнчүлүктөрүн, АКШнын ракетедан коргонуу системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруу боюнча Орусия каршы чыккан планын да талкуулары күтүлүүдө.

АКШ менен Орусиянын тышкы саясий мекемесинин жетекчилери НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан бир күндөн соң кездешип жатат.

Брюсселдеги кечээги жыйында НАТО менен Орусия ортосундагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жандандыруу макулдашылды.

Мындай сүйлөшүүлөр Орусия менен Грузиянын былтыр августта орун алган согушунан кийин тоңдурулган болчу.

XS
SM
MD
LG