Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

“Ак жол” фракциясы Манас аба базасы боюнча 11 өлкө менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарды


Кечээ аталган фракция бул маселени кароо үчүн шашылыш отурумга жыйналган, мунун себебин топ башчысы Улукбек Ормонов кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү деп чечмеледи. Антитеррордук күчтөрдүн аскердик “Манас” аба базасы боюнча он бир мамлекет менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу жөнүндөгү кыргыз өкмөтүнүн чечимин буга чейин Коммунисттер фракциясы колдоп берген. Эми бул маселе Социал-демократтар фракциясынын кароосуна калды.
19-февралда болсо ЖК “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып берген. Аталган мыйзам долбооруна президент К. Бакиев 20-февралда кол коюп, ошол эле күнү КР ТИМ тарабынан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG