Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Сыргак Абдылдаев: Мага кол салгандар табыларына ишенбейм


Мындай оюн учурда ооруканада жаткан журналист “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө билдирди. Ал эки жыл мурда Ошто таламандын так түшүндө белгисиз бирөөлөрдүн аткан огунан каза тапкан кесиптеши Алишер Саиповду өлтүргөндөр бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткандыгын айтып, өзүнүн өмүрүнө кол салгандар да табылбайт, деп эсептейт. Сыргак Абдылдаев 3-март күнү өз өмүрүнө белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусу кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү, деп эсептейт. Анын айтуусунда журналист акыркы убактарда дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевди жана төрт айдан ашуун убакыттан бери белгисиз болуп жаткан ишкер, ЖК депутатынын уулу Бахтияр Амиражановду издөө иштери тууралуу бир катар макалаларды жазып келген.
Мурда кабарлангандай “Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди 3-март күнү белгисиз бирөөлөр денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колунун булчуң сөөктөрүн сындырып кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG